Кыргызстанда 62 миң сом төлөмү менен «Манасчы» макамын киргизүү сунушталуудаЖогорку соттун төрагасы ишти создуктурган судьяларга катуу чара көрүлөрүн эскертти«Кыргызкөмүр» Кара-Кече үчүн 26 млн сомго жаңы техника сатып алдыБишкек шаарында жаңы сквер курулуудаИБР Кыргызстанда айыл чарбасын механизациялоого $44,6 млн бөлөтБишкектеги Тез жардам борборунун директору КМШ өлкөлөрүнүн сынагында жеңүүчү болду
Жаш кыз рулда: Кайгуул милициясы өспүрүмдөргө унаа бербөөнү эскертти
24.10.2025 | 15:15

Бишкек шаарынын милициясынын Кайгуул кызматы ата-энелерге кайрылып, айдоочулук күбөлүгү жана унаа башкаруу тажрыйбасы жок өспүрүмдөргө унаа бербөөгө чакырды.
Кайгуул кызматынын маалыматын ылайык, бирок бул чакырыктар кээ бир учурларда натыйжа бербей келет.
Кезектеги рейд учурунда Кайгуул милициясынын кызматкерлери айдоочулук күбөлүгү жок 17 жаштагы кыздын унаа айдап бара жатканы аныктаган. Окуянын чоо-жайын аныктаганда, ага унааны ата-энеси берип, “дүкөнгө барып кел” деп жибергенин билдирген.
Натыйжада унаа айып короого токтотулуп, айдоочуга каршы протокол түзүлдү.
“Ата-энелерди жоопкерчиликти жогорулатууга жана айдоочулук укугу жок адамдарга унаа бербөөгө чакырат. Бир эле ката адам өлүмүнө алып келиши мүмкүн”,-деп айтылат маалыматта.