Жаш скульптор Тамила Маматова Казакстандын II даражадагы “Достык” ордени менен сыйланды

Жаш скульптор Тамила Маматова Казакстандын II даражадагы “Достык” ордени менен сыйланды

Кыргызстандык жаш скульптор Тамила Маматовага Казакстан Республикасынын II даражадагы “Достык” ордени тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргыз Улуттук китепканасында 9-июнда өткөн аземге Кыргызстандын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Мамлекеттик жогорку даражадагы сыйлыкты Казакстандын президенти К.Ж.Токаевдин тапшырмасына ылайык, Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев тапшырды.

Мындай сыйлыкты тапшырууга негиз болуп, жаш скольптор Тамила Маматованын Мухтар Ауэзовдун бюстун жасагандыгы болуп, эки элдин достугун бекемдөөгө жана маданий алаканы жаңы деңгээлге алып чыкканы болду.

Эки боордош элдин достугун даңазалаган мындай көрүнүштү Сүйүнбек Касмамбетов жана министр Азамат Жаманкулов өз ишин берилип сүйгөн, искусствого болгон астейдил мамилеси, акыркы кезде аялдардын арасынан суурулуп чыккан өзгөчө талант, өзүнүн көз карашы бар жаш скульптордун азыркы кездеги жаратып жаткан эмгектери коомчулук жана өнөр адамдары тарабынан жогору баа алып жатканын белгилеп, Тамила Маматовага чыгармачылык ийгилик каалап өтүштү.

Ал эми, Рапиль Жошыбаев өз сөзүндө театр гастролдору, концерттик иш-чаралар, эки өлкөнүн катышуусундагы иш-чаралар кызматташтыктын бекемдигин гана эмес, бир туугандыкты да билдирээрин белгилеп, Тамила Маматованын ишине казак эли ыраазы болуп жатканын айтып, ага чыгармачылык ийгилик жана бекем ден-соолук каалады.

“Достык” ордени Казакстандын мамлекеттик сыйлыгы болуп саналат. “Достык” ордени менен жарандар коомдогу өз ара ынтымакты сактоодогу үзүрлүү эмгеги, тынчтыкты, элдердин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого сиңирген эмгеги үчүн Казакстандын президенти тарабынан ыйгарылат.

Маалымат катары билдирсек, учурда Мухтар Ауэзовдун Чолпон- Ата шаарындагы үй-музейи реконструкцияланууда.

Үстүбүздөгү жылдын июль айында Мухтар Ауэзовдун 125 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Тамила Маматова жасаган бюсттун салтанаттуу ачылышы пландалууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>