Жашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалды

14.02.2026 | 15:45

Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматынын башчысы Б.М.Б. жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген жарандарды жоопкерчиликтен бошотту деп айыпталып кармалды.

УКМКнын маалыматында, аталган тергөөчү жашы жете элек кыздын жыныстык кол тийбестигине каршы жасалган оор кылмышты иликтеп жатып, соттук-медициналык экспертизанын корутундусу үч жарандын тең (Н.Э., С.Б., К.Ө.) кылмышка катыштыгы бар экенин далилдегенине карабастан, алардын экөөсүнө (С.Б. жана К.Ө.) карата кылмыш ишин кыскартып, жоопкерчиликтен бошоткон.

Ошондой эле тергөөчү бул чечимин мыйзамдаштыруу үчүн жашы жете элек кызды аталган эки шектүүнүн пайдасына жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлаганы аныкталды. Тергөөчү кармалып, соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда атайын кызмат жашы жете элек кызды зордуктоо фактысы боюнча кылмыш ишин кайрадан иликтеп баштаганын билдирди.

Scroll to Top