Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Жазгы каникул узартылды: окуучулар 7 күн эс алышат
25.02.2026 | 10:24

Мектеп окуучуларынын жазгы каникулу 2-марттан 7-мартка чейин узартылды. Ал эми 8-март – дем алыш жана майрам күнү. Ошентип окуучулар 7 күн эс алышат.
Агартуу министрлигинин маалыматында, бул чечим ата-энелерден жана мугалимдерден каникулдун мөөнөтү боюнча келип түшкөн кайрылуулардын негизинде кабыл алынган.
Эс алуу күндөрүнө кошумча берилген 4 күн окуу планынын аткарылышын камсыз кылуу максатында май айында окутулат. Ушуга байланыштуу 2025–2026-окуу жылы 29-майда аяктайт. Мектептердеги акыркы коңгуроо аземи 29-майда өткөрүлөт.
Буга чейин окуучулардын жазгы каникулу 3 гана күнгө созулары айтылган.