Жеңил атлетика боюнча Дохада өтө турган Дүйнө чемпиондугуна эки кыргыз спортчу барат

Жеңил атлетика боюнча Дохада өтө турган Дүйнө чемпиондугуна эки кыргыз спортчу барат

27-сентябрда Доха шаарында жеңил атлетика боюнча 17-Дүйнө чемпиондугу башталат. Чемпионатка катышууга Кыргызстандан Мария Коробицкая жана Мусулман Жоломановдор жолдомону утуп алган.

Коробицкая 42 чакырым 195 метр аралыкка чуркаса, Жоломанов 1500 метр аралыкка чуркайт. Бул мелдештин жыйынтыгы менен кыргыз спортчулары 2020-жылы Токиодо өтө турчу жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алса болот. Анткени аталган чемпиондук мелдеш лицензиялык болуп эсептелет.

Жеңил атлетика боюнча 17-Дүйнө чемпиондугунда жалпы 47 медалдар топтому ойнотулат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>