Жээнбеков: Эл “илдет жок” дегендердин курмандыгы болгону турат

Жээнбеков: Эл “илдет жок” дегендердин курмандыгы болгону турат

Өзгөчө абал алынгандан бери илдетти жугузгандардын саны көбөйүп, буга чейин жетишкен натыйжалар жокко чыгуу коркунучуна туш болду. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков жаңы өкмөт курамынын ант берүүсүндө сүйлөдү.

Өлкө башчысы абалдын оорлошуп кеткендиги катары медициналык талаптардын сакталбаганы негиз болгонун айтты

«Тилекке каршы, коомдук жайларда, өндүрүш ишканаларда, транспортто, ири соода жайларында санитардык-гигиеналык эрежелер сакталбай жатат. Көп адамдар катышкан аш-тойлорду, эл көп чогулган башка салтанаттарды өткөрүү кайрадан башталды. Бул илдеттин коркунучу олуттуу экенине көптөгөн жарандарыбыз дагы эле маани бербей жатат. Айрымдардын “илдет жок, бул — саясат” дегендерине эл ишенип, адамдар жалган сөздүн курмандыгы болгону турат”, – деди президент.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле, бийилик кайрадан карантин режимин киргизип, кырдаалды күч менен көзөмөлдөөгө барбай тургандыгын айтты

Ал эми айрым аткаминерлердин массалык иш-чараларды, тойлорду өткөрө башташын, улуттун саламаттыгына жана коопсуздугуна жасалган кыянатчылыгы катары баалады

“Март айынан бери уйку көрбөй эмгектенип жаткан дарыгерлерибиздин, тартип сакчыларынын, башка тийиштүү кызматкерлерибиздин күн-түн дебей кылган мээнетине жасалган кыянатчылык! Бардык бийлик бутактары биригип, жалпы эл коронавирус илдетин ооздуктоого бар күч-аракетин жумшап жатса, эч кимди көзгө илбей той өткөргөндөрдө уят-сыйыт, элди сыйлоо деген сезимдердин болбогону өкүндүрөт”, – деди өлкө башчысы.

«Ошондой эле ал жаңы өкмөт биринчи кезекте, кризиске байланыштуу тобокелдиктерди эске алуу менен, бардык чыгашаларды так аныктап чыгышы зарыл экендигин белгилеп өттү

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>