Жээнбеков менен Токаев телефон аркылуу сүйлөштү

Жээнбеков менен Токаев телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-апрелде, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралу Президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу өз ара кызматташуунун келечектүү маселелерин, көп тараптуу уюмдар менен бирикмелердин алкагында кызматташууну талкуулашып, ошондой эле жакынкы келечекке болгон пландарды белгилешти.

Сооронбай Жээнбеков жана Касым-Жомарт Токаев мындан ары коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча биргелешкен чараларды өткөрүү маселеси тууралуу пикир алмашышты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>