Женевада UNECE 86-сессиясы: Кыргызстан “Менин үйүм” долбоорун таанытты

10.10.2025 | 12:17

Ушул жылдын, 8–10-октябрында Женевада Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын (UNECE) Туруктуу өнүгүү, турак жай жана жер пайдалануу боюнча 86-сессиясы өтүүдө.

Курулуш министрлиги кабарлагандай, ага 30дан ашуун өлкөнүн министрлери жана жогорку даражалуу өкүлдөрү катышууда. Кыргызстанды курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу таанытууда.

Иш-чарада Талантбек Иманакун уулу Кыргызстандагы турак жай саясаты жана эл аралык кызматташтык багыттары тууралуу маалымат берип, “Менин үйүм” долбоорунун ийгиликтери менен бөлүштү. Соңку үч жыл ичинде бул программа аркылуу 25 миңге жакын үй-бүлө мамлекеттик ипотека менен турак жай менен камсыз болду.

Сессиянын жүрүшүндө турак жайга жеткиликтүүлүк, коомдук жана социалдык турак жай фондун кеңейтүү, жеке сектордук инвестицияларды тартуу, жер саясатын өркүндөтүү жана кыска мөөнөттүү ижараны жөнгө салуу маселелери талкууланды. Ошондой эле климаттык туруктуулук, инновациялык курулуш технологиялары жана эски имараттарды кайра пайдалануу темалары көтөрүлдү.

Министрлер турак жай-адам укугу экенин белгилеп, бул маселени БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары жана Женева хартиясынын маанилүү бөлүгү катары тааныды. UNECE комитетинин маалыматына ылайык, учурда дүйнө жүзү боюнча 2 миллиарддан ашуун адам турак жайга муктаж.

Scroll to Top