Кыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылдыСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирдиЕреванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду
Манас шаарында кызга зомбулук көрсөтүү фактысы катталды
10.10.2025 | 12:23

Кечээ, 9-октябрда социалдык тармактарда зомбулукка туш болгон кыздын видеосу тарады. Маалыматка караганда, окуя 5-октябрда Манас шаарындагы батирлердин биринде болгон. Кызды көп убакыттан бери коркутуп келген жаран кайрадан сабаган.
Кыз билдиргендей, ал жигит 7 ай мурун үйлөнүү максатында мамиле сунуштаган, бирок кыз макул эмес экенин айткан. Жаздан бери ал кызды коркутуп, эшикти бузуп кирип, көчөдөн да уруп келген. 5-октябрь күнү жигит кызды мал базарына алып барып зордуктоого аракет кылган, уруп, унаадан түшкөндө өлтүрөм деп коркуткан. Жанындагы адамдар кызды коргоп, ооруканага жеткирген.
Жалал-Абад облустук милициясы окуя Сузак РИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки иштер башталганын маалымдады.