Жергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталууда

12.03.2026 | 18:05

Кыргызстанда тынчтык митингдери өтө турган жерди жана убактысын аныктоо укугун жергиликтүү бийликтерге берүү сунушталууда. «Тынч чогулуштар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документте тынч чогулуштарды өткөрүү ордун, убактысын жана жүрүү маршруттарын аныктоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тийиштүү ыйгарым укуктарды берүү каралган.

Мыйзам долбоордун максаты чогулуштарга катышпаган жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, коомдук тартипти, калктын ден соолугун жана мүлкүн коргоо болуп саналат. Ошондой эле жарандардын көп топтолушу транспорттук кыймылга, жашыл зоналарга зыян келтирген учурларды алдын алууга багытталган.

Мыйзам долбоорунун авторлору тынч чогулуштар үчүн жерлерди жана маршруттарды алдын ала белгилөө социалдык чыр-чатактардын алдын алууга жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга шарт түзөрүн белгилешет.

Белгилей кетсек, 2022-жылдан бери митингдерди Бишкектин борбордук аянттарында өткөрүүгө салынып келүүдө. Митингдерди бир гана Максим Горький атындагы бакчада өткөрүүгө болот.

Scroll to Top