Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Жергиликтүү продукция деп сатылган кытай картошкасы: Кыргызстанда рейддер башталат
18.03.2026 | 10:25

Жергиликтүү дыйкандардын картошкасы катары сатылып жаткан кытай картошкасына карата текшерүүлөр башталат. Мындай тапшырманы Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков берди. Анын максаты мыйзамсыз аракеттерди токтотуу.
Буга чейин Reporter.kg кытайдан келген картошканын «кочкордук» өндүрүшкө айланып жатканын көрсөткөн видеоматериал жарыялаган.
Өткөн жылы Кыргызстар 28,6 миң тонна картошка импорттогон, анын ичинен 22 миң тоннадан ашыгы Кытайдан келген. Салыштыруу үчүн: 2024-жылы болгону 512 тонна картошка импорттолуп, анын ичинен 10 тоннадан азы Кытайдан келген.