Таластагы «Жерүй кенин көзөмөлдөө боюнча элдик комиссиянын» мүчөлөрү кендин аймагына барып, алтын ылгоочу фабриканын калдык сактоочу жайынын экинчи баскычынын курулуш процесси менен таанышты. Бул тууралуу кенди иштеткен «Альянс Алтын» компаниясы билдирди.
Комиссиянын кенге иш сапары «Альянс Алтын» демилгеленип, 19-сентябрда уюштурулган. Ага комиссиянын төрагасы Айдарбек Момунтаев жана анын мүчөлөрү Каныбек Иманалиев, Айчүрөк Токтогазиева, Тендик Исбасаров, Серик Юлдашев, Адыл Кочорбаев катышкан.
Делегация компаниянын өкүлдөрү менен кошо биринчи баскычтагы калдык сактоочу жайды карап чыгып, андан соң экинчи баскычтын курулуш аймагын кыдырып, жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерин жеринен көрүп чыгышты. Курулуш иштерин жүргүзүп жаткан подрядчы уюмдун адистери менен компаниянын кызматкерлери калдык сактоочу жайдын экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн геомембрана төшөө процессинин этаптары тууралуу кеңири маалымат берип, элдик комиссиянын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп беришкен.
«Жалпысынан элдик комиссиянын мүчөлөрү алтын ылгоочу фабриканын калдык сактоочу жайынын экинчи баскычынын курулушунун жүрүшүнө оң баа беришип, бардык технологиялык нормалар экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн так сакталып жатканын белгилешти», — деп айтылат маалыматта.
Компания белгилегендей, «Жерүй кенин иштетүүнү көзөмөлдөө боюнча элдик комиссиянын» мүчөлөрүнүн калдык сактоочу жайдын экинчи баскычынын курулушу менен таанышуу сапары буга чейин да уюштурулган. Быйыл эле, калдык сактоочу жайдын казуу иштеринен кийин, 16-апрелде жана 13-июнда комиссиянын мүчөлөрү кенге иш сапар менен барган. Комиссия мүчөлөрү менен макулдашылгандай, алардын кийинки сапары калдык сактоочу жайдын экинчи баскычынын курулуш этаптары толугу менен аяктаганда уюштурулат.