Бишкек мэриясы шаарга 625 кичи автобус сатып алууну көздөөдөКытай менен чек арадагы өткөрүү пункттары 4-апрелден тарта ишин убактылуу токтототБишкекте «Жеңиш 9/45» кыймылынын эгидасы астында «Кинопанорама» кинофоруму башталдыТрамп көпүрөлөрдү талкалайм деп коркутуп, Ирандан тезинен келишим түзүүнү талап кылдыКыргызстан малды шарп оорусунан коргоо үчүн Россиядан 4,5 миллион доза вакцина сатып алатБишкекте мечиттен телефон уурдоого шектелген жаран кармалды
Жети-Өгүздө мектеп-интернаттын мыйзамсыз менчиктештирилген имараты мамлекетке кайтарылды
20.08.2025 | 17:01

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы мектеп-интернатынын мыйзамсыз менчиктештирилген имаратынын бир бөлүгүн мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, 2003-жылы аталган мектеп-интернаттын аянты 468 кв.метрди түзгөн бир бөлүгү жана ага чектеш 4847 кв. метр жер тилкеси мыйзамсыз түрдө менчиктештирилип, ары жеке “Б” ишканасына сатылып кеткен.
Жүргүзүлгөн иштин натыйжасында менчик ээси мектеп-интернаттын имаратынын бир бөлүгүн жер участогу менен бирге ыктыярдуу негизде Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл өкмөтүнө өткөрүп берген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: УКМК