Ысык-Көл облусунда сууга чөгүп жаткан эки кызды куткарып калышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Жети-Өгүз районунун Липенка айылынын Кой-Сары тилкесинде көлгө 2 кыз (2000-жылы туулган А.Б., 2000-жылы туулган А.А.) чөгүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 7 куткаруучу тартылып, кыздарды суудан чыгарып, Каракол шаардык ооруканасына алып кетишти. Абалдары оор деп бааланууда.