Жалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алды
Жогорку Кеңеш альтернативдик кызмат үчүн төлөмдөрдү жогорулаткан мыйзам долбоорду жактырды
19.02.2026 | 11:07

Бүгүн, 19-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар альтернативдик кызмат өтөө үчүн төлөмдөрдүн өлчөмүн жогорулатууну караган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты.
Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, альтернативдик кызмат үчүн төлөмдөрдүн өлчөмү төмөнкүдөй белгиленди:
- Үй-бүлөлүк абалына байланыштуу чакырылган жарандар үчүн — 25 миң сом;
- Ден соолугунун абалы боюнча чектөөсү бар жарандар үчүн — 40 миң сом;
- Катталган диний уюмдун мүчөсү болгон жарандар үчүн — 50 миң сом;
- Аскердик кызмат өтөбөгөн 22 жаштан 40 жашка чейинки жарандарга жана мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүнү каалагандарга — 75 миң сом;
- Жогорку билими бар, запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча мобилизациялык резервден өтүүнү жана офицердик наам алууну каалаган 30 жашка чейинкилер үчүн — 90 миң сом.
Мындан тышкары, аскердик каттоонун эрежелерин бузгандыгы үчүн жеке жактарга салынуучу айып пулдун көлөмү 10 миң сомго чейин жогорулатылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат