ЖК комитети үй-бүлөлүк зомбулукта жазаны күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорду 1-окууда жактырды

ЖК комитети үй-бүлөлүк зомбулукта жазаны күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорду 1-окууда жактырды

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо чараларын күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Укук бузуулар жөнүндө кодексине, «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоор тууралуу юстиция министринин биринчи орун басары Алмазбек Зарылбек уулу маалымат берди.

Анын айтымында, аталган мыйзам долбоордо зомбулукка шектүүлөрдү камакта кармоо мөөнөтүн 7 суткадан 14 суткага чейин узартуу сунушталууда. Ошондой эле техникалык каражаттардын – электрондук билерик жана мобилдик тиркеме аркылуу шектүүлөрдү көзөмөлдөө механизмдерин киргизүү каралган.

Эске салсак, 26-май күнү Кара-Кулжа районунда 38 жаштагы Айзирек Эралиева күйөөчүнүн колунан каза тапкан. Дарыгерлер анын октон алган жаракатынан өлгөнүн ырасташкан. Бул окуя коомдо чоң резонанс жаратып, өлкөдө аялдардын коопсуздугу тууралуу маселени кайрадан көтөрдү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>