Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
ЖК комитети Ысык-Көлдөгү чокуну «Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу» деп атоону колдоду
19.11.2024 | 12:03
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети Ысык-Көлдөгү тоо чокуларынын бирин «Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу» деп атоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.
Аталган чоку Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл аймагында, Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан (географиялык координаттары: B=42°13’56» L=79°47’37»). Анын бийиктиги 5576 метрди түзөт.
Бул мыйзам долбоору президенттин жарлыгынын негизинде жана Кыргызстан менен БУУнун өз ара алакасын арттыруу үчүн иштелип чыккан.
Документте айтылгандай, Кыргызстан БУУга 1992-жылы 2-мартта кирген. БУУ эл аралык абройлуу уюм болуп саналат. Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом