ЖК Руслан Мукамбетовду коргоо министри кызматына дайындоого макулдук берди

ЖК Руслан Мукамбетовду коргоо министри кызматына дайындоого макулдук берди

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында коргоо министринин кызмат ордуна Руслан Мукамбетовдун талапкерлиги каралды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында депутаттар Руслан Мукамбетовдун талапкерлигин жактырып, коргоо министри кызмат ордуна дайындоого макулдук беришти.

Талкуу маалында депутат Таалайбек Сарыбашов жаштарды аскердик кызматка кызыктыруу багытында кандай иштер жүргүзүлөрүн сураган. Ал эми депутат Камила Талиева чек арага жакын жайгашкан аймактарга, айрыкча Баткен облусуна аскерлерди даярдаган окуу жайларды ачууну сунуштаган.

Депутат Надира Нарматова жаңы дайындалган министрди мектептердеги аскерге чейинки даярдык сабактары үчүн жаңы программа иштеп чыгып, атайын тажрыйбалык аянтчаларды ачууга чакырган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>