ЖК жыйынында депутаттар Сулайманов жана Керезбеков жаңжалдашты

ЖК жыйынында депутаттар Сулайманов жана Керезбеков жаңжалдашты

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка талапкерлиги каралып, парламент өкмөттүн курамы жана программасы менен таанышты. Анда жыйынга келген депуттар бир добуштан Жапаровдун өкмөт башчылыкка талапкерлигин колдоп беришти.

Кийин депутаттар шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү каралаары айтылып жаткан. Анда шайлоо босого чегин жана күрөөнүн суммасын азайтуу, ошондой эле форма- 2 менен добуш берүүну жоюу каралмай болгон. “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов жогорудагы маселени болушунча эртээрек кароону талап кылды. Ал эми Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков кворум жок экенин айтып, ал маселени каралбай тургандыгын билдирди. Талаш-тартыштын аягы жаңжалга айланды.

Окуянын күбөлөрүнүн айтуусуна караганда эки эл өкүлү кирген бөлмөдөн ызы-чуунун үнү угулганда башка депутаттар кирип барышкан. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>