ЖК жыйынында депутат Бекешев кафе-ресторандардагы тейлөө пайызын алып салуу чечимин сынга алды

Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Министрлер кабинетинин кафе-ресторандардын менюсунан тейлөө пайызын алып салуу боюнча токтомун сынга алды. Анын айтымында, бул чечим ресторан бизнесине терс таасирин тийгизүүдө.
«Эмне үчүн буга кийлигишүү керек эле? Ресторан, кофейный жана башка бүтүндөй бизнес титиреп жатат. Бул токтомду жокко чыгара аласыздарбы?» — деди депутат.
Минкаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев бул чара керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында кабыл алынганын билдирди. Анын айтымында, мыйзам боюнча тейлөө үчүн акы төлөө ыктыярдуу болушу керек.
«Алардын кызмат көрсөтүүнүн баасын эсепке кошууга укугу жок болчу. Мыйзамга ылайык, тейлөө үчүн сый акы ыктыярдуу болушу керек. Муну эсепке киргизүү — бул керектөөчүлөрдүн укугун бузуу болуп саналган. Биз муну шайкеш келтирдик», — деп жооп берди ал.
Дастан Бекешев өкмөттү кафелерге эмес, калк күнүмдүк колдонгон ун, май жана эт сыяктуу негизги азыктардын баасын жөнгө салууга чакырды.
Буга жооп кылып, Данияр Амангелдиев Министрлер кабинети бааларды жөнгө салуу укугуна ээ экенин жана тийиштүү иштер жүрүп жатканын белгиледи. Анын маалыматы боюнча, эттин баасына мамлекеттик жөнгө салуу сакталууда.
Министрлер кабинети 2025-жылдын аягында кафе-ресторандарга тейлөө үчүн кошумча акы алууга тыюу салган токтом кабыл алган. Токтом 2026-жылдын 1-январында күчүнө кирген. Бул жаңы чара иш жүзүндө кафе-ресторандардагы баалардын кескин өсүшүнө алып келип, коомдо нааразычылыктарды жараткан.
Буга чейин да парламентте кафе-ресторандагы баалардын өсүшү талкууланган. Анда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу тейлөө тармагындагы баалардын өсүшүнө калк нааразы болуп жатканын билдирип, бул жагдай боюнча Министрлер кабинети эч кандай иш алып барбай жаткандыгын сынга алган.