ЖК жыйынында «Эмаком» курулуш компаниясынын көйгөйлүү батирлери тууралуу маалымат берилди

05.02.2026 | 17:09

«Эмаком» курулуш компаниясынын курулушу токтоп калган батирлери боюнча жакында чечимдер кабыл алынат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 5-февралдагы жыйынында курулуш министри Нурдан Орунтаев билдирди.

Анын айтымында, «Эмаком» курулуш компаниясы учурда банкрот абалында жана анын финансылык каражаттары жок. Аталган компаниянын Бишкек жана Ош шаарларындагы объектилеринин бир бөлүгү бүтпөй калган, ал эми бүткөрүлгөн имараттардын айрымдары эксплуатацияга бериле элек.

Нурдан Орунтаев министрлик былтыртан бери пайдаланууга бериле элек объектилерди ишке киргизүү боюнча иштерди жүргүзүп жатканын белгиледи. Ал эми курулушу токтоп калган имараттар боюнча президенттин тапшырмасы бар экенин жана жакынкы арада бул боюнча чечимдер кабыл алынарын кошумчалады.

Мындан тышкары, министр жарандарга кайрылып, тийиштүү документтери жана каражаты жок компаниялардан, өзгөчө курулуштун баштапкы баскычында батир сатып албоону сунуштады. Курулуш тармагындагы мындай кырдаалга инфляция жана курулуш материалдарынын баасынын өсүшү себеп болгону айтылды.

2024-жылы «Эмаком» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Жусупов алдамчылыкка шектелип кармалган. Милиция билдиргендей,компания акча төгүп, үлүштүк негизде батир алам деген жарандарга 61 млн сом материалдык зыян келтирген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Scroll to Top