ЖККУ Беларуста биологиялык коркунучтардан коргонуу боюнча «Барьер-2026» машыгууларын өткөрөт
2026-жылдын октябрь айында Беларусь Республикасынын аймагында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) «Барьер-2026» деп аталган атайын машыгуулары өтөт. Маневрлердин негизги темалары аскердик медицина жана биологиялык коркунучтардан коргонуу болмокчу.
Алдыдагы машыгууларга даярдык көрүү маселелерин Россиянын, Беларустун коргоо ведомстволорунун жана ЖККУнун Биргелешкен штабынын өкүлдөрү генерал-лейтенант Анатолий Яковлевдин жетекчилиги астында өткөн жумушчу жолугушууда талкуулашты.
Медицина жана биологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүү Россиянын президенти тарабынан 2026-жылы ЖККУдагы РФнын төрагалыгы мезгилиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири катары аныкталган. Жолугушуунун катышуучулары ошондоо эле бул тармакта биргелешкен изилдөө ишмердүүлүгүн уюштурууга да көңүл бурушту.
Машыгуулардын негизин радиациялык, химиялык жана биологиялык (РХБ) коргонуу жана медициналык камсыздоо боюнча биргелешкен түзүмдүн иши түзөт. Бул түзүм Россиянын Коргоо министрлигинин COVID-19 пандемиясына карата күрөшүү боюнча тажрыйбасын эске алуу менен 2022-жылы ЖККУнун алкагында түзүлгөн.
Биргелешкен түзүмдүн милдеттери:
- ЖККУнун Жамааттык күчтөрүн түрдүү коркунучтардан коргоо;
- аскерлерди жайгаштырууда коопсуз медициналык-биологиялык шарттарды түзүү;
- кооптуу инфекциялар масштабдуу жайылган учурда ыкчам жамааттык чара көрүү.
Бул бөлүк коопсуздукту камсыздоо жана биологиялык тобокелдиктердин алдын алуу үчүн ЖККУга мүчө болгон каалаган мамлекеттин аймагында жайгаштырылышы мүмкүн. «Барьер-2026» машыгууларын өткөрүү өз ара аракеттенүү механизмдерин иштеп чыгууга жана союздаш күчтөрдүн заманбап чакырыктарга карата даярдыгын жогорулатууга багытталган.