ЖККУнун баш катчысы Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгын жогору баалады

“Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) төрагалык кылып жаткан Кыргызстан 2025-жылга карата өзүнүн бардык пландарын ийгиликтүү ишке ашырды”. Бул тууралуу аталган уюмдун баш катчысы Имангали Тасмагамбетов РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирди.
Имангали Тасмагамбетов Кыргызстандын саясий жетекчилиги Борбор Азия аймагынын өзгөчөлүктөрү жана көйгөйлөрү менен жакшы тааныш экенин жана бул жерде абалды турукташтыруу үчүн активдүү кадамдарды көрүп келгенин билдирди.
“Кыргызстан ЖККУдагы төрагалыгынын артыкчылыктарын ишке ашырууга абдан жоопкерчиликтүү мамиле кылды. Кыргыз тарап менен ЖККУнун катчылыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана бардык демилгелер менен иш-чараларга болгон толук колдоо өзгөчө белгилөөгө арзыйт», — деп баса белгиледи ал.
Тасмагамбетовдун айтымында, Кыргызстандын төрагалыгынын артыкчылыктарынын бири — маалыматтык технологияларды террордук жана экстремисттик максаттарда пайдалануунун алдын алуу жана аны токтотуу боюнча өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү болгон.
Мындан тышкары ал төрагалыктын жыйынтыктары 27-ноябрда Бишкекте өтө турган Коллективдик коопсуздук кеңешинин жыйынында чыгарыларын кошумчалаган.