ЖКтин депутаты Маматалиев: 2020-жылы парламенттик шайлоодо партияга, анын ичиндеги талапкерлерге да добуш берилиши керек

ЖКтин депутаты Маматалиев: 2020-жылы парламенттик шайлоодо партияга, анын ичиндеги талапкерлерге да добуш берилиши керек

Кыргызстандагы акыркы учурдагы болуп жаткан саясий окуялар боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев менен маектештик. Эл өкүлүнө «Азаттык» радиосу иликтеген «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» журналисттик иликтөөсү, парламентке айтылып жаткан сындар, шайлоонун босого балы жана кайсы партия менен шайлоого аттанаары тууралуу суроолорду узатып жооп ала алдык.

Өлкөдөгү акыркы саясий иштерге жана «Азаттык» радиосунун «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» журналисттик иликтөөсүнө пикириңиз кандай?

 — «Азаттык» боюнча өзүбүз баарын жакшы көрдүк. Иликтөөнү көргөндө чынын айтсам абдан ызаландым. Кийин аталган иликтөөнү Бешинчи канал карама-каршылык кылып, далилдерди башка жакка бурдургандай деп көрсөтүп чыкты. Анан ойлонуп калдым. Ал жакта дагы алып баруучу «ооба, мен муну божомолдоп эле айттым» деген сөздөрдү айтпадыбы.  Экинчи бөлүмү чыккандан кийин деле ызалануу болду. Эми бул боюнча позициямды билдиргем. Элдер миң сом таба албай жатса, бул жакта миллион, миллиарддар чыгып кетип жатканына албетте, ызалануу реакция болот.  Элдин баары эле кыжырланат, жаман пикирлер пайда болот, терс көрүнүштөр орун алат.

 Бешинчи каналдан чыккан карама-каршы далил материалдар айтылгандан кийин бул тууралуу пикиримди айткандан карманып турам. Бирок, бир укуктук мамлекетте жашагандан кийин сөзсүз түрдө муну аягына чыгарышыбыз керек. Бул маселе боюнча атайын депутаттык комиссия да  түзүлгөн.

Кыргызстанда ар бир нерсенин өзүнүн учуру болуп келе жатат. Мына Бишкек ЖЭБте авария болду. Биз ушул учурдан пайдаланып, бардык коррупциялык механизмдеги схемаларга бөгөт коюп, каттуу чараларды көрүү зарыл.

— Парламентке акыркы учурда сындар абдан көп айтылды, Жогорку Кеңеш «добуш берүүчү машина» дегенге кандай жооп бересиз?

— Парламенттин учурдагы чакырылышына айтылган сындарды туура деп баалайм.  Эл өкүлү болгондон кийин, элдин айтканын сөссүз түрдө кабыл алыш керек. Мурдагы чакырылыштарга караганда бул чакырылыш бир топ терс көрүнүштөр менен көрүнүп калды. Айрым учурларда өзүбүзда туура эмес сүйлөп алуудабыз. Мындан тышкары  депутаттардын сөздөрү да бурмаланып берилип калып жатат. Маалымат каражаттары контексттен чыгып, кээбир сөздөрүн алып же кошуп коюшууда. Акыркы убактарда социалдык тармактардын өнүккөнү менен да бат эле сүйлөгөн сөздөр бир же эки мүнөткө жетпей чыгып кетүүдө.

Эгерде чындап эле адам өзүнүн оюн билдирип жатса, анда ал жакшы нерсе. Бирок фейк аккаунттар менен факты жок нерселерди жаза бергендерге каршымын.

Мен мисалы, бир топ жакшы мыйзамдарды жазсам деле эл ал мыйзамды окуп да койбойт. Ушул жерде керек болсо видео кылып чыгарып жатам, аны да көрүп койбойт. Депутат дегенди укканда эле кыжырланып, ыплас нерселерди жазган учурлар болуп жатат. Мындайларга мен каршы келет элем. 

Жогорку Кеңеш «добуш берүүчү машина» деп айта албайм. Ар бир депутат өзүнө жоопкерчиликти алышы керек деп ойлойм. Хронологияны деле карап көрсөм, каршы да, кошулуп дагы добуш берген жерлерим бар. Мисалы, профсоюз боюнча мен «карашы» добуш бергем.

2020-жылы Парламенттик шайлоого барасызбы жана кайсы партия менен аттанасыз?

— Мен бир партиядан экинчи партияга көп деле өткөндү жактыра бербейм. Бүгүн, 2-декабрда «Республика» партиясынын съезди өттү. Ошого байланыштуу мен өзүм үчүн чечим кабыл алам. Башка жактан дагы сунуштар келүүдө, мен так, айкын съездден кийин чечим чыгарам.

2020-жылдагы парламенттик шайлоого барайын деген ниетим бар. Анткени түшүндүм, депутат болуп бир топ мыйзамдарды жазып, элдин жашоосун өзгөрткөнгө толук мүмкүнчүлүк түзүлөт экен.

Шайлоонун босого балы тогуз пайыз экени белгилүү болгон. Бул балды түшүрүү керектигин бир катар депутаттар көтөрүп келет. Сиз буга кандай карайсыз, чындыгында эле көппү? Көп болсо канчага чейин түшүрүү керек?

— Босого боюнча 9 пайыздан албетте, түшүрүү керек деп ойлойм. Анткени 9 пайыздык босого бал киргизип жатканда максаты башка болчу, азыркы мезгил башкача болуп калды. Жөн эле күчкө салып 9 пайыздан ашыра берсе жакшы жактары да, жаман жактары да болот. Тилекке каршы, жаман жактары көп болот. Ошол эле бизде партиялардын саны көп, алардын баардыгы өз ишмердүүлүгүн алып кетиши керек. Ал эми аларга  Жогорку Кеңеште орун болбой калгандыгына байланыштуу алар сөссүз түрдө өз ишмердүүлүгүн улантат. Булардын баардыгы көчө оппозицияга алып келет. Кыргызстаныбыздагы стабилдүүлүк бузулуп калышына түрткүсү болуп калышы ыктымал.

Жакшы жагы аз партия келсе, жоопкерчилик ала турган адамдар белгилүү болот. Көп партия болуп жоопкерчилик кимде экени так болбой калып жатат. Коалициядагы 4 фракциянын кимиси жооп бергенин билбейсиң. Ушул жагынан алып караганда бираз терс жагы бар, бирок биз азыр ал деңгээлге жете элекпиз. Бизде партиялык системалар толук айкын өнүгө элек.

Шайлоонун босого балын 3 же 5 пайыз кыла албасак да, 7 пайызга сөссүз түрдө түшүрөбүз деп ойлойм. Баардыгы эле бышып калды, 7 пайызга бары макул болуп жатат.

Партияга эмес, ар бир партиянын мүчөсүнө добуш берилиши керек деген сунуш туурабы?

— Партиялар эмне үчүн өнүкпөй жатат? Демек, биз партиянын программасына, максатына көңүл бурбай, анын ичиндеги лидерлерди, кишилерди карап эле бөлүнүп, жарылып атабыз. Накта партиялык система бизге азыркы учурда кире элек. Ошого байланыштуу мисалы, айрым партиялар аймактардан элдерди толук албай, айрым региондор депутатсыз калып жатат. Анын кесепетинен ал регион өнүкпөй калууда. Депутаттардын тизмесин билбей туруп ушул партияга добуш берип коёбуз. Бирок партиянын ичинде кийин карап көрсөңүз такыр эле иштебеген депутаттар дагы ичине кирип калып жатат. Аларды дагы бирден отзыв кылганга мүмкүнчүлүгү жок экен. Эгерде система менен партияга добуш берилсе, бирок ошонун ичинде эле ар бир жаран талапкерге дагы добуш бере турган система кирсе, анда бул жакшы кадам болмок. . Алардын ичинен мыктылары гана добушка илинмек.

2015 — жылы деле мен өзүмдүн партиямдан Бишкек шаарынан шайланып келдим. Он төрт талапкердин ичинен биринчи орунду алгам, бирок келип парламентте отура албай калдым. Анткени менден аз алгандар чыкпай коюшту. Ушул жерге 2000 добуш алгандар деле депутат болуп отуруп калышты. Тилекке каршы, бир дагы добуш албагандар да бар, алар «алтын мандат» менен келип калгандар. Алардын өз шайлоочулары, электораты жок, анан кантип элдин көйгөйүн чечет?… Ошондуктан партияга жана анын ичиндеги талапкерлерге добуш берилсе, эл өзү тандап алмак.

Маектешкен: Наргиза Өмүрбек кызы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>