9-сентябрь күнү болжол менен кечки алтылар чамасында Бишкек милициясына Алтымышев көчөсүнөн 3 жашар баланын жоголуп кеткендиги туурасында маалымат келип түшкөн.
Дарекке барып 2018-жылы туулган Р.С. аттуу наристени издөө аракеттеринин көрө баштайт. Жыйынтыгында Жал кичи районунан таап алышкан. Баланы ата-энесине жеткирип беришкен. Бул туурасында кайгуул кызматынын басма-сөз кызматы билдирген.