Жогорку Кеңеште премьер-министрликке Кубатбек Бороновдун талапкерлиги каралууда

Жогорку Кеңеште премьер-министрликке Кубатбек Бороновдун талапкерлиги каралууда

Бүгүн, 17-июндагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында премьер-министр кызматына Кубатбек Бороновдун талапкерлиги каралууда. Боронов өкмөттүн программалары боюнча баяндама жасап жатат.

Жаңы өкмөттүн курамында биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Батырбековдун, өкмөттүн аппарат башчылыгына Таалайбек Темиралиевдин, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына Алтынбек Исмаиловдун талапкерлиги сунушталууда.

Белгилей кетсек, 15-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.

Президент Сооронбай Жээнбеков анын отставкасын кабыл алып, Кубатбек Бороновду өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин премьер-министрдин убактылуу милдетин аткаруучу деп жарлык чыгарган.   

Ошондой эле кечээ, 16-июнда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Бороновдун талапкерлигин карап жактырган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>