Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы депутат Акыл Кемелов ант берди.
Ал Максат Сабировдун ордуна депутат болуп келди.
Сабиров 24-февралда өткөн парламенттин жыйынында депутаттык мандатын тапшырганын билдирген. Ал «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат болчу.