Жогорку Кеңеш 23-июнда кандай маселелерди карайт? Тизме

Жогорку Кеңеш 23-июнда кандай маселелерди карайт? Тизме

23-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтөт. Саат 10:00дө башталган жыйында бир нече маселелер каралат.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. Ар кандай маселелер

2. “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет)(демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 18.02.22деги № 85 токтом) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

3. “Кыргыз Республикасынын 2020-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 28.05.21деги кир. № 6-7277/21) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

4. “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде ссуда алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 19.04.22деги, кир. № 6-7189/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет

5. “Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет)(демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир № 6-9627/22, 19.05.22) (Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет)

6. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Граждандык кодексине, Жарандык процесстик кодексине, Административдик-процесстик кодексине)өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы,17.05.22деги кир. № 6-9306/22) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет)

7. “Жамааттык келишимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет)(демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 25.05.2022деги кир.№ 6-10262/22) (Социалдык саясат боюнча комитет)

8. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу (Социалдык саясат боюнча комитет)

9.  “Кыргыз Республикасынын Yйбүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири (Социалдык саясат боюнча комитет)

10. “Кыргыз Республикасынын балдар маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири (Социалдык саясат боюнча комитет)

11. “Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири (Социалдык саясат боюнча комитет)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>