Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңеште президент Садыр Жапаров , министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров , УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда парламенттин жыйыны өтүүдө.
Жыйындын жүрүшүндө жаңы дайындалган бир катар министрлер ант беришти:
— Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;
— Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова;
— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов;
— Энергетика министри Таалайбек Ибраев.
Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов ант берүү аземине катыша алган жок.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз