Жогорку Кеңеште миграция боюнча өзүнчө мекеме түзүү сунушталды

02.09.2025 | 15:04
Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова

Депутат Гуля Кожокулова миграция маселелерин караган өзүнчө мамлекеттик орган түзүү тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-сентябрда, Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына Канат Сагынбаевдин талапкерлигин кароо учурунда айткан.

Эл өкүлүнүн айтымында, бир министрликке бардык татаал тармактар бириктирилип калган.

“Азыркы тапта тышкы миграцияда 1 миллиондон ашык адам бар. Бул өтө чоң сан. Ага кошумча ички миграция да өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Ошондуктан бул тармакты өзүнчө департаментке бөлүп чыгаруу керек», – деген Гуля Кожокулова.

Кошумчалай кетсек, тармактык комитет жыйында Канат Сагынбаевди Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдугун берди.

Scroll to Top