Жогорку Кеңеште жыйындарга онлайн катышуу тутумун киргизүү жана комитеттердин аталыштарын кайра карап чыгуу сунушталды

26.02.2026 | 11:35

Бүгүн, 26-февралда, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин Координациялык кеңешинин жыйынын өткөрдү. Талкууга төраганын орун басарлары, депутаттык топтордун лидерлери, тармактык комитеттердин төрагалары жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчилиги катышты.

Жолугушуунун негизги темаларынын бири эл аралык иш-чараларды уюштуруу жана кызматтык иш сапарлар болду. Марлен Маматалиев чет элдик иш сапарларды пландаштырууда бардык депутаттар үчүн бирдей шарттарды түзүү зарылдыгын билдирди. Бул маселени иштеп чыгуу боюнча тийиштүү тапшырма Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине берилди.

Парламенттин төрагасы ошондой эле мыйзам чыгаруу процессин өркүндөтүү боюнча өз көз карашын ортого салды. Жогорку Кеңештин ишинде санариптештирүүнү алга жылдырууга өзгөчө көңүл бурулду. Маматалиев мыйзам чыгаруу органынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн бул багытта буга чейин көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар бир катар практикалык сунуштарды айтышты:

  • айрым тармактык комитеттердин аталыштарын кайра карап чыгуу;
  • парламенттин жыйындарына чакырылган адамдар үчүн онлайн катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо.

Жыйындын корутундусу менен Жогорку Кеңештин жакынкы мезгилдеги ишинин жана мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары аныкталды. Айтылган бардык демилгелер парламенттин ишин заманбапташтырууга жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган.

Scroll to Top