Агрокөргөзмө-жарманкелер өтөт: Бишкекте 21–25-октябрда айрым көчөлөр жабылатБишкекте күчтүү дарыларды сатуучу каналдын башчысы кармалдыGovTicket: Шакиранын концертине билеттердин баасы арзандатылбайтБишкекте автобус айдоочусу мас абалында 6 унааны сүзүп, адамдар жабыркадыКыргызстан менен Гонконг туризм жана ислам каржысы тармактарында кызматташууну көздөөдөЗеленскийсиз тынчтык жана Иранга өзөктүк сокку уруудан баш тартуу — Трамп дагы эмнелерди айтты
Эрлист Акунбеков айыл чарба министри болуп дайындалды. Президент кол койду
26.02.2026 | 11:22

Эрлист Акунбеков Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, ошондой эле суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Эрлист Акунбеков Ош шаарында төрөлгөн. Ал Ош мамлекеттик университетин “бизнес жана менеджмент” багыты боюнча аяктаган. Ошондой эле Москва мамлекеттик университетинин “бизнести башкаруу” багыты боюнча магистратурасын бүтүргөн.
- 2014-жылдан бери: “Кыргыз жер семирткичтерди жеткирүүчүлөр ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы жана “ATS-Group” ЖЧКсынын башкы директору болуп эмгектенип келет.
- 2005–2008-жылдар: “Энергобанк” ААКтын Ош филиалында жана башкы кеңсесинде адис, сектор башчысы жана башкармалыктын башчысынын орун басары кызматтарында иштеген.
- 2008–2010-жылдар: Аталган банктын Жалал-Абад филиалынын директору.
- 2011–2013-жылдар: “Ремстроймост” ЖЧКсынын аткаруучу директору.
- 2013–2014-жылдар: “ATS-Group” ЖЧКсынын аткаруучу директору.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат