Кыргыз-жапон кызматташтыгы: Эдил Байсалов жапониялык ишкерлер менен жолугуштуТранспорт министрлиги айдоочуларды дөңгөлөктөрдү алмаштырууга чакыратЕвропа биримдиги Камбар-Ата-1 ГЭС долбоорун каржылоо үчүн 2,4 млрд доллар бөлөтКел-Суу көлүндө заманбап туристтик шаарча пайда болотЧет өлкөдөгү кыргызстандыктар парламенттик шайлоодо кантип добуш бере алат?Бишкекте логистикалык, транспорттук жабдуулардын эл аралык көргөзмөсү өтөт
Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары 200 миң доллар опузалоого шектелип кармалды
13.10.2025 | 12:03

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары К.Б.Ш. жана А.Т.Н. тарабынан 200 миң АКШ долларын опузалоо фактысы аныкталды.
Маалыматка караганда, шектүүлөр алдын ала макулдашуу менен бизнес өкүлүнүн ишенимине кирип, УКМК төрагасы К.К.Ташиев менен тыгыз байланышы бар экенин айтып, кылмыш ишин токтотуу үчүн акча талап кылышкан.
2025-жылдын 10-октябрында шектүүлөр кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аларга ЖПКнын 96-беренеси (опузалоо) боюнча кылмыш иши козголду.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар