Жол эрежесин бир жылда үч жолу бузган айдоочулар кайрадан сынак тапшырышат

06.02.2026 | 16:11

Бир жылдын ичинде жол кыймылынын эрежелерин үч жана андан көп жолу одоно бузган айдоочулар квалификациялык сынактарды кайрадан тапшырууга жөнөтүлөт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, төмөндөгү эрежелерди 3 же андан көп жолу бузгандар кайрадан сынак тапшырууга милдетүү болот:

  • унааны мамлекеттик номери жок башкаруу;
  • унааны токтотуу жөнүндө талаптарды аткарбоо;
  • белгиленген ылдамдыктан 40 км/саат жана 60 км/сааттан ашык ашуу;
  • атайын жарык жана үн сигналдары менен жүргөн транспорт каражаттарына жол бербөө;
  • каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу;
  • жол курулмаларынын же мүлктүн бузулушуна алып келген эреже бузуу;
  • адамдын ден соолугуна зыян келтирүү менен коштолгон жол эрежесин бузуу;
  • мас абалындагы же унаа башкарууга укугу жок адамга рулду берүү.
Scroll to Top