Жол инспекторлору менен урушкан мас абалындагы милиция кызматкери жумуштан алынды

Ички иштер министрлиги мас абалында видеосу интернетке тараган милиция кызматкерине байланыштуу кызматтык иликтөө жыйынтыгын жарыялады.
ИИМдин маалыматына ылайык, социалдык тармактарда К.у.А. аттуу кызматкердин мас абалында жүргөнү жана кайгуул милициясынын талаптарына баш ийбей, жаңжал чыгарганы тууралуу видео тараган. Бул окуя боюнча кызматтык иликтөө дайындалып, анын жүрүшүндө ички иликтөө кызматы кызматкердин:
- кызматтык тартипти одоно бузганы;
- ички иштер органдарынын аброюна шек келтирген аракеттерге жол бергенин аныктаган.
Жыйынтыгында аталган милиция кызматкери терс негиздер менен кызматтан бошотулду.
ИИМ мындай учурлар мыйзамга жана кызматтык тартипке карата катаал чаралар менен гана караларын белгиледи. Министрлик ички иштер органдарынын аброюна шек келтирген жана мамлекеттик кызматтын ишмердүүлүгүн дискредитациялоого багытталган фактыларды алдын алуу боюнча ишти улантарын кошумчалады.