Эми кыргызстандыктар Кытайга малина, бүлдүркөн жана карагатты экспорттой алышатКыргызстанда пайдубалы толук бүтө элек үйлөрдөн батир сатууга тыюу салындыКыргызстанда 62 миң сом төлөмү менен «Манасчы» макамын киргизүү сунушталуудаЖогорку соттун төрагасы ишти создуктурган судьяларга катуу чара көрүлөрүн эскертти«Кыргызкөмүр» Кара-Кече үчүн 26 млн сомго жаңы техника сатып алдыБишкек шаарында жаңы сквер курулууда
Улуттук банк: Банк секторунда долларлашуу деңгээли азаюуда
17.09.2025 | 10:37

Кыргызстандын банк секторунда долларлашуу деңгээли азайып, ал эми сомдун ролу өсүш көрсөтүүдө. Бул тууралуу Улуттук банк өлкөдөгү банк секторунун абалы боюнча жарыялаган маалыматтарда айтылды.
Маалыматка ылайык, банк секторунда кредит портфелинин долларлашуу деңгээли июль айынын аягына карата 17,8 пайызды түзгөн. Бул жыл башындагы көрсөткүчтөн 2,2 пайыздык пунктка аз.
Ошондой эле депозиттик базанын долларлашуу деңгээли жыл башына салыштырганда 5,1 пайыздык пунктка азайып, 37,8%ды түзгөн.
Ал эми банк секторунун жалпы депозиттик базасы жыл башынан 21,1%га өсүп, 717,6 млрд сомду түзгөн. Кредиттик портфель болсо 26,1%га көбөйүп, 429,6 млрд сомду түзгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика