Жол кырсыгын жараткан кайгуул кызматкери буга чейин андан качкан айдоочуну урган
Соцтармактарда кайгуул кызматкерлери рулда жаш жигит отурган унааны токтоткон видео тарады. Жүргүнчү орундугунда отурган досу ага милиция кызматкерин күтпөстөн кетип калууну сунуштайт. Жигиттер качып кетишет, алардын артынан куугун башталат.
Ибраимов көчөсүндө, Бөкөмбаев көчөсүнөн жогору жерде, аларды мамлекеттик номери 177 болгон патрулдук унаа кармайт. Милиционер айдоочуну унаадан сүйрөп чыгарып, сөгүнүп, аны бир нече жолу урган.
Белгилей кетсек, ошол эле Кайгуул кызматынын ушул эле кызматкери буга чейин кызматтык унаа менен жол кырсыгына кабылган. 24-октябрда болжол менен саат 01:50дө Горький жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде ал Hyundai Accent унаасын сүзгөн. Бишкек шаардык Кайгуул кызматынын маалыматына караганда, экинчи унаанын 31 жаштагы айдоочусу башынан жаракат алып, ооруканага жеткирилген.