Жолдо төгүлгөн кан. Таң эрте жол кырсыктан 3 адам каза болду

Жолдо төгүлгөн кан. Таң эрте жол кырсыктан 3 адам каза болду
Жалал-Абад облусунда жол кырсыгынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 15-сентябрда таңкы саат 07:10 чамасында Токтогул районунун Кара-Жыгач айылында болгон. Анда MAН үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаа менен Жигули ВАЗ-2107 унаасы сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен Жигулидеги бара жаткан 3 эркек киши окуя болгон жерде каза болду.
Беш куткаруу кызматы тартылып, Жигули унаасында кыпчылып калган 3 жаранды чыгарып, «Тез жардам» унаасы менен Токтогул райондук ооруканасына өткөрүп беришкен.
Учурда каза болгон жарандардын аты-жөнү такталууда.
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>