Жолдорду асфальттоодо эңкейиштер эске алынбай, суу үйлөргө агып жатат — депутат

07.10.2025 | 15:37

7-октябрда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында «Ынтымак» фракциясынан депутат Гүлназ Халилова жолдорду асфальттоодо участоктун эңкейиштеринин эсепке алынбагандыгын сынга алды.

Анын айтымында, асфальт төшөлгөндөн кийин суу турак жайларга же жол кесилиштерине агып, тургундар, айрыкча балдар кыйналууда.

«Армейская көчөсү мисал катары, абдан эңкейиштүү. Суу үйлөргө же кесилиштерге агып, балдар өтө албай калышат. Бул бюджеттик каражаттын да үнөмсүз сарпталышы», — деди депутат.

Ошондой эле Халилова мектептердин жанындагы светофорлордун жетишсиздигин белгилеп, Чүй-Разин көчөсүндөгү №52 мектептин жанында жол кырсыгынан аялдын каза болгонун эске салды. Ал мэриядан мектептердин жанында светофор орнотууну талап кылды, бирок бюджеттин тартыштыгы шылтоолоп жатат деп билдирди.

Мындан тышкары, депутат Восток айылындагы Калинин көчөсүнүн кесилишинде автобустардын тыгындан улам узак убакыт токтоп калышына жол чырак орнотуу керектигин белгиледи.

Scroll to Top