Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Ош шаарында Грибоедов көчөсү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды
07.10.2025 | 15:50

Бүгүн, 7-октябрда Ош шаарында Курманжан Датка жана Алымбек Датка көчөлөрүн бириктирген Грибоедов көчөсү капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, көчөнү оңдоп-түзөө иштерине «Аманат city» курулуш компаниясы демөөрчүлүк кылган. Аталган жолго асфальт басылып, бир тарабына тротуар жана ирригациялык лоток курулган.
Эске сала кетсек, буга чейин Ош мэриясы Грибоедов көчөсү ар кандай тосмолор менен тосулуп, дээрлик жокко эсе болуп калганын, мындан улам көчө 12 метрге чейин кеңейтилерин билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом