Жолдубаева: Биз жеңишти чогуу майрамдаганбыз, куугунтукту токтотуу президенттин гана колунан келет (видео)
16.08.2019 11:01
Атамбаевди колдогон КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева Сооронбай Жээнбековко кайрылды.
Ал учурда Атамбаевдин тарапташтарына карата куугунтук күч болуп жатканын айтып, муну токтотуу президенттин гана колунан келет деди.
“Учурда Атамбаевдин тарапташтары ачык коркутууларга туш болуп, саясий куугунтук күч болуп жатат. Бул саясий куугунтукту токтотуу президенттин гана колунан келет. Сооронбай Шариповичтен өтүнүп кетет элем, куугунтукка кабылып жаткандар сиздин эле мурдагы тарапташтарыңыз, сиздин эле мурдагы партиялаштарыңыз. Сиздин жеңишке салымыбызды кошуп, жеңишти чогуу майрамдап сүйүнүп жүрдүк эле, а бүгүн мындай абалда болуп калаганы абай өкүнүчтүү”, – деди ал.
Белгилей кетсек бүгүн УКМКнын имратында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын караган көчмө сот отуруму болуп жатат. Ага жактоочудан башка эч ким киргизилген жок.
REPORTER.KG маалымат агенттиги. Бардык укуктар корголгон. Сайтта келтирилген материалдарды көчүрүп алуу басмакананын уруксаты менен жана булакка активдүү гипершилтемени милдеттүү түрдө көрсөтүү менен гана мүмкүн болот.