ЖОЖдогу чет өлкөлүк студенттердин ортосундагы чыр-чатактын чоо-жайы

КММАнын пакистандык студенттер менен иштөө боюнча расмий өкүлү, доктор Назир Мухаммед Имран Reporter.kg редакциясына билдиргендей, бул окуя 14-мартта эле КММАнын ичинде эмес, башка ЖОЖдо болгон. Ошондой эле чыр-чатак жалаң гана пакистандык студенттердин ортосунда орун алган.
Ал социалдык тармактарда пакистандык жана индиялык студенттердин ортосунда кагылышуу болду деп тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбей турганын баса белгиледи.
Эске салсак, кечээ, 7-апрелде, укук коргоо органдары соцтармактарга мониторинг жүргүзүп жатып, Бишкектин Исакеев көчөсүндө жайгашкан университеттердин биринде чет өлкөлүк жарандардын ортосундагы чыр-чатак тартылган видеороликти аныкташкан.
Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүүнүн жүрүшүндө окуянын катышуучуларынын өздүгү такталган. Алар 2001-жылы туулган М.А. жана 2003-жылы туулган А.А. аттуу чет өлкөлүк жарандар болгон. Укук бузуулар жөнүндө кодексинин «Майда бейбаштык» беренесинин негизинде алар кармалып, райондук башкармалыктын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул факт катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүүдө.