ЖОЖдорго кабыл алуунун 2025-жылдагы босого балл бекитилди

ЖОЖдорго кабыл алуунун 2025-жылдагы босого балл бекитилди

2025/2026-окуу жылына карата Кыргызстандын жогорку окуу жайларына (ЖОЖ) кабыл алууда талап кылынуучу босого баллдар бекитилди.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жалпы босого көрсөткүчтөр мурунку жылдардагы деңгээлде сакталган:

  • Негизги тест — 110 балл
  • Предметтик тесттер — 60 балл

Бирок, айрым багыттар жана адистиктер үчүн босого баллдар өзгөртүлгөн:

  • Педагогикалык адистиктер
    • Гранттык орундар үчүн — 130 балл
    • Контракттык орундар үчүн — 115 балл
  • Саламаттыкты сактоо тармагы
    • Гранттык орундар үчүн — 120 балл
    • Контракттык орундар үчүн — 110 балл
  • Айыл чарба тармагы
    • Бардык формадагы орундар үчүн — 100 балл

Ошондой эле, предметтик тесттердин босого көрсөткүчү бардык багыттар боюнча 60 балл болуп калды.

Өзгөчө шарттагы талапкерлер үчүн да жеңилдиктер каралган. I жана II топтогу майыптар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар, жетимдер жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн (медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден тышкары) негизги тесттин босого баллы 90 балл болуп бекитилди — бул гранттык жана контракттык орундардын бардык формаларына тиешелүү.

Эске салсак, 2012-жылдан тарта Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) бардык ЖОЖдорго кабыл алууда милдеттүү шарт болуп эсептелет. Бирок ЖРТ жыйынтыгы талап кылынбаган айрым багыттар дагы бар. Аларга дене тарбия, спорт, маданият жана искусство тармактары кирет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>