ЖРТга даярдануу үчүн «Булак» мобилдик тиркемеси ишке киргизилди

19.03.2026 | 14:09

Кыргызстанда окуучулар үчүн Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) даярданууга жардам берген «Булак» акысыз мобилдик тиркемеси ишке кирди. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Тиркемедеги тесттик тапшырмалардын базасы ЖРТга даярдануу учурунда машыгуу материалы катары колдонууга сунушталат. Тиркемеде 12 миңден ашуун суроолор камтылган. Тиркеменин негизги көрсөткүчтөрү:

  • Суроолор мектеп программасында каралган билимди текшерүүгө багытталган;
  • Лексикалык түзүмү 16-18 жаштагы окуучулардын курактык нормаларына жооп берет;
  • Тапшырмалардын саны кайталанбаган уникалдуу варианттарды түзүүгө жетиштүү.

Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан тиркемедеги тапшырмалардын сапатын текшерүү үчүн 12 миң 413 тесттик суроого экспертиза жүргүзүлгөн. Текшерүүгө математика (негизги жана предметтик тест), тарых, физика, химия, биология жана тилдер, анын ичинде англис тили боюнча тапшырмалар кирген.

Департаменттин директору Бактыгүл Шамшидинованын маалыматы боюнча, экспертизага 28 адис тартылган. Алар суроолордун түзүлүшүн, мектеп программасына жана мамлекеттик стандарттарга шайкештигин, татаалдык деңгээлин, ошондой эле баалоонун объективдүүлүгүн текшеришти. Тесттер жасалма интеллект тарабынан генерацияланганы менен, алар окуучуларга тааныш болгон темаларды камтыйт.

Тиркемени колдонуу боюнча нускаманы бул сайттан табууга болот: https://bulak.ait.kg/

Scroll to Top