Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Жума намазы убактылуу токтотулду — видео
17.03.2020 | 21:50
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (Муфтият) коронавирус оорусунун кооптулугуна байланыштуу жума намазын окууну убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды.
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев коомчулукка жасаган кайрылуусунда, ден соолукка коркунуч жаралган абалда, шарият жеңилдиктерге уруксат бергенин белгилеп өттү.
Коронавирус коркунучунан улам кабыл алынган чечимдер:
- Кырдаал турукташканга чейин Жума намазы убактылуу токтотулсун. Жума намазынын ордуна бешим намазы үйлөрдө окулсун;
- Мечиттер жабылбайт, намаз убактыларын билдирүү үчүн азан айтылып турсун;
- Беш убак намаз үйдө окулуусу сунушталат;
- Даават иштери боюнча убактылуу чектөөлөр киргизилсин;
- Жаназа намаздары маркумдун жакын туугандарынын жана аз кишинин катышуусунда үйлөрдө окулуусу сунушталат.
Мындан сырткары Муфтият элибиздин коопсуздугун жана ден соолугун сактоо үчүн Өкмөт тарабынан кабыл алынган сактык чарларалды аткарууга ар бир жаран милдеттүү экендигин эске салып, азык-түлүктүн баасын атайлап көтөрүү чоң күнөө экендигин белгилеп өткөн.
https://www.youtube.com/watch?v=IM5xihO6Y_c&feature=emb_title
Рубрики: Жаңылыктар, Коом