Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Жумгалда 3,2 млн м³ көлөмдөгү суу топтоочу бассейн курулууда
15.08.2025 | 17:32

Нарын облусунун Жумгал районунда сугат сууга болгон муктаждыкты жоюу максатында көлөмү 3,2 млн м³ болгон Түгөл-Сай сезондук суу топтоочу бассейни курулууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Түгөл-Сай дарыясында суунун кору чектелүү. Сугат аянттарынын көптүгүнөн сугат маалында керектүү көлөмдөгү суу жетпей келген. Мындан улам аталган бассейн күздөн баштап жазга чейин суу мол келген учурда топтоп, аны сугат маалында пайдалануу максатында курулууда.
Министрлик бул долбоордун натыйжасында 3208 га сугат аянты суу менен толук камсыздаларын билдирди. Ошондой эле 1602 га жаңы сугат жери өздөштүрүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Жумгал району, сугат