Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Буттары жарылып, эртең мененки рейдден чарчаган. «Ош-Тазалыктын» директору жумуштан кетти
15.08.2025 | 16:49

«Ош-Тазалыктын» муниципалдык ишканасынын директору Нургазы Акматов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри билдирди.
Мэрдин айтымында, Акматов кызматта болгону бир ай иштеген. Ал кызматтан кетүү себебин көчөдөгү иштерге, эртең мененки рейддерге чыгууга жана узак басууга көнбөгөнү менен түшүндүргөн.
«Иштебейм, чарчадым, эртең мененден кечке баса албайм деди. Буттарым ооруп, бутум жарылып кетти деп айтты. Кеңседе досу менен отуруп алып, жумшак шартка көнүп калган экен. Биз көчөдөгү адамдарбыз, ал болсо офистин кишиси», — деди мэр.
Акматовдун ордуна ким келери тууралуу маалымат азырынча айтыла элек. «Ош-Тазалык» шаардагы тазалык иштерин уюштуруп, көчөлөрдү, коомдук жайларды жана таштанды ташуучу системаны тейлейт.
Рубрики: Жаңылыктар