Жумгалдан Бишкекке алынып келинген илбирс Ысык-Көлгө жеткирилди

Жумгалдан Бишкекке алынып келинген илбирс Ысык-Көлгө жеткирилди

Нарын облусунун Жумгал районунунан карыган илбирс кармалды. Бул тууралуу Германиянын Жаратылышты коргоо уюмунун өкүлдөрү (NABU) билдирди.

Маалыматка караганда, карып калган Илбирс Жумгал районунун тургундарынын малына кол салууга аракет жасаган. Бирок жырткычтын азуу тиштери жок болгондуктан ал малга кол сала алган эмес.

Илбирсти 11-январь күнү “NABU” уюмунун «Барс» тобунун кызматкерлери Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү менен бирге Жумгалдан Бишкекке алып келишкен.

Илбирс ветеринардык текшерүүдөн өткөн соң, анын карып өз алдынча азык таба албагандыгы аныкталган. Мындан улам жырткыч Ысык-Көл облусунун Ананьев айылында жайгашкан реабилитациялык борборго жеткирилген.

сүрөт: akipress.org
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>