Үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна чейин ишке орноштуруу кызматтары 3 миң 297 жумушсуз жарандарды кесиптик окууга жиберген. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Анда төмөнкү адистиктер окутулган: компьютердик оператор, сатуучу, ашпозчу, косметолог, чач тарач, маникюр, массажист, визажист, котормочу, бухгалтер, унаа айдоочу, электр жана газ менен ширетүүчү, сантехник, тигүүчү, балчы.
2025-жылдын 1-июнуна карата акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга 4 миң 537 жумушсуз убактылуу тартылган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (3550 адам) 22%га көп.
Министрликтин маалыматында, учурда 64 жаран жумушсуздук боюнча жөлөк пул алат.
Министрлик жогорудагы иш-чаралар жумушсуздардын эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана суроо-талапка ээ болгон кесиптерди эске алууга багытталганын билдирди.