Президент Садыр Жапаров 30-августта, Чүй облусунун Кара-Балта шаарында “Жунда” заводунун ишке киргизүү жана аны модернизациялоо долбоорунун алкагындагы курулушка “мезгил кутусун” салуу аземине катышты.
Иш-чаранын башында мамлекет башчыга төрт жылдык (2020-жылдын февраль айынан 2024-жылдын мартына чейин) токтоп калгандан кийин өндүрүш ишин кайра баштаган “Чайна Петроль Компани “Жунда” ЖЧКсынын мунай иштетүүчү заводунун абалы тууралуу маалымат берилди.
Ушул жылдын февраль айынын аягында ишкана капиталдык оңдоодон өтүп, марттын аягында ишке киргизүү иштери ийгиликтүү аяктады.
Жылдын акырына чейин завод толук кубаттуулукта иштей баштайт, бул жылына 800 миң тонна чийки затты түзөт. Ошол эле учурда 400гө жакын жаңы жумуш орундары түзүлөт.
Ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышкандан кийин Садыр Жапаров сөз сүйлөп, өлкөнүн жаңы экономикалык саясаты негизинен өндүрүштөрдү ачууга багытталарын айтты.
«2020-жылга чейин «Жунда» заводу бензиндин түрлөрүн, дизель, гудрон, мазут жана суюлтулган газ өндүрүп, калкыбыздын керектөөсүн кайсы бир деңгээлде канааттандырып келген. Тилекке каршы, завод түрдүү себептерден улам 2020-жылдын февралында ишин токтоткон. Заводду кайра ишке киргизүү маселеси Кыргызстан үчүн маанилүү болду. Кытай тарап менен тыгыз сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатты. Бул маселени Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен талкуулагам. Натыйжада ал саясий эркин билдирип, чечкиндүү колдоосун көрсөттү», — деди Жапаров.
Өлкө башчы Си Цзиньпинге ыраазычылык билдирди.